Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Бабанов: Талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок, бийликти басып албайм


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов билдирди. Ал шайлоо атаандаштык негизде өткөнүн, бирок талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлбөгөнүн айтты. Шайлоочуларына ыраазычылык билдирген саясатчы мындан ары деле өкмөткө өз программасын сунуштап, андан талап кыла берерин билдирди.

Жаңы шайланган президенттин мойнунда чоң жоопкерчилик турганын белгилеп, саясий атаандашын башка талапкерге иштегендерди, үгүттөгөндөрдү куугунтуктабоону суранды.

Бабанов айрым добушканалардан протоколдорду ала албай жатышканын белгилеп, мыйзам бузуулар териштирилип жатканын айтты.

Ошону менен катар ал бийликти басып алуу ниети жок экенин жана эч убакта мындай ою болбогонун кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG