Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Бабанов: Назарбаев менен жолукканыма өкүнбөйм


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканына өкүнбөйт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Өкүнбөйм, сыймыктанам” деди ал.

Бабанов ошондой эле өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу сөздөрдү четке кагып, “Мен эч жакка кетпейм. Албетте, эс алгым келип жатат. Төрт ай шайлоодо тынбай иштедик. Жакынкы арада эч жакка кетпейм. Команда топтойм” деп билдирди жана тарапкерлерин нааразылыкка чыкпоого, чагымга алдырбоого чакырды.

Бабанов менен Назарбаевдин шайлоо алдындагы жолугушуусун расмий Бишкек курч кабыл алып, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул үчүн казак бийлигин Кыргызстандын ишине кийлигишип жатат деп сындаган.

Бабановдун шайлоодон утпай калышынын себеби катары айрымдар анын Назарбаев менен жолугушуусун аташты. (RK)

XS
SM
MD
LG