Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:40

Дүйнө лидерлери Сомалидеги жардырууну айыпташты


Жардыруу болгон жер
Жардыруу болгон жер

БУУ башкатчысы Антониу Гутерриш жана башка дүйнө лидерлери Сомалидеги 276 кишинин өмүрүн алып, 300 чамалуу адамды жарадар кылган жардырууну сынга алышты.

Гутерриш чабуулдан улам кабыргасы кайышып турганын Твиттерге жазып, “терроризм жүзүнүн алдында бирге” болууга чакырды.

АКШ болсо Сомали өкмөтүн, элин жана эл аралык өнөктөштөрүн терроризмге каршы күрөштө колдой берерин билдирди. Африка союзунун төрагасы Муса Факи Махамат өкмөттү кыйын кезеңде биримдикти көрсөтүүгө чакырды. Мындан тышкары Британия жана Франция лидерлери да бул кылмышты айыпташты.

Бомба шыкалган жүк унаасы ишембиде борбор Могадишодогу мейманканалар, соода борборлору жана өкмөттүк мекемелер жайгашкан жеринде жардырылган. Кыргынды эч бир топ мойнуна ала элек. Бирок өкмөт өзү менен тирешип келген “Ал-Шаабаб” террор тобун, анын өнөктөшү “Ал-Каиданы” күнөөлөөдө.

XS
SM
MD
LG