Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Жээнбеков элден чогулган арыздардын үстүнөн иштей баштоону тапшырды


Сооронбай Жээнбеков шайлоо бүткөндөн кийин, 15-октябрь, 2017
Сооронбай Жээнбеков шайлоо бүткөндөн кийин, 15-октябрь, 2017

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн шайлоо штабынын мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп, шайлоо кампаниясындагы ишти анализдөөнү тапшырды. “Анда негизинен шайлоочулардын сунуш-талаптарын карап чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча иш-пландарды даярдоого көңүл бурулду” деп айтылат талапкердин штабы жөнөткөн билдирүүдө.

БШКнын алдын ала жыйынтыгына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт.

Мындан кийин билдирүү жасаган талапкер шайлоо таза, акыйкат өткөнүн айтып, аны чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге, атаандаштарына жана башка тиешелүү тараптарга ыраазычылык билдирген.

Шайлоодо утулган талапкерлер бул жолу админресурс болуп көрбөгөндөй колдонулганын, шайлоонун купуялуулугу бузулуп, көзөмөлдөө болгонун айтып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG