Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Ошто шайлоо учурунда жабыркаган журналист милицияга кайрылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош шаарында 15-октябрь күнү шайлоо учурунда белгисиз кишилердин опузасына кабылган журналист, Kloop.kg сайтынын кабарчысы Бегимай Бекболотова милицияга кайрылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна журналист өзү кабарлады. Шайлоо күнү "Памир" кафесине ачылган №5316 участкасында Бекболотова жараянды видеого тартып жүргөн учурда коркутууга кабылган. Чымыр денелүү жигиттер телефонун тартып алып, өзүнө кол көтөрүшкөн жана сыртка чыгарып салышкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы арыз боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Ушул эле шайлоо участкасында Akipress агенттигинин эки журналистин белгисиз кишилер коркутуп, видеокамерасынын флешкасын алып коюшкан. Талаш-тартыштан соң кайра беришкен.

Тактала элек кабарларга ылайык, аталган участокто журналисттерге кысым кылгандар "Адыгене" спорт клубунун балдары экени айтылууда. Андан мурдараак №5325 шайлоо участогунда НТСтин кабарчысы Мирбек Айтикеев чымыр денелүү балдардын опузасына кабылып, телефонун алдырган. Ошол участокто "Азаттык" радиосунун кабарчыларына да опуза кылып, жабдууларын тартып алганга аракет кылышкан. “Клооп” басылмасынын журналисти тарткан кадрларды өчүртүп салышкан.

Кечээ, 15-октябрдагы маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттин сабалышы боюнча маалымат такталбаганын билдирген болчу. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG