Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

Талас: Шайлоого нааразылар жөө жүрүшкө чыкты


Талас. 16.10.2017
Талас. 16.10.2017

Таласта ушу тапта 500дөй адам шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып, президенттик шайлоо таза өтпөгөнүн айтып нааразылыгын билдирип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен маалымдоодо. Анын айтымында, жөө жүрүшкө чыккандар колуна Кыргызстандын желегин көтөрүп алышкан.

Буга чейин алар “Республика” партиясынын лидери, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун Талас шаарындагы штабынын жанында чогулуп турушкан.

Штаб өкүлдөрү бул жөө жүрүшкө тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Өмүрбек Бабанов 15-октябрда өткөн шайлоодо утулуп калды. Ал бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өз тарапкерлерин нааразылыкка чыкпоого, чагымга алдырбоого чакырды жана Таласта чогулуп жаткандар тууралуу кабары жок экенин билдирди.

Чогулгандардын саны жана алардын акциясы тууралуу жергиликтүү бийлик менен милиция азырынча расмий комментарий бере элек. (AlS)

Талас: Шайлоого нааразылар жөө жүрүшкө чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

XS
SM
MD
LG