Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Казакстан Кыргызстандын сүт азыктарын чектөөдө


"Ак-жол" чек ара бекетиндеги көрүнүш. 12-октябрь, 2017-жыл.
"Ак-жол" чек ара бекетиндеги көрүнүш. 12-октябрь, 2017-жыл.

Чектөө 10-октябрдан тарта казак-кыргыз чек арасында “ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөндөн” улам киргизилгенин коңшу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги билдирүүдө.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын сүт иштетүүчү беш ишканасынын продукциясы чектелгенден тышкары эки ишканага карата “күчөтүлгөн лабороториялык көзөмөл” режими иштеп жатат.

Мындай шартта алар товарынын ар партиясынын үлгүсүн лабороториялык изилдөө үчүн жөнөтүп турушу керек.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги кыргыз товарларына карата ветеринардык көзөмөл күчөгөндөн бери алардын бул өлкө аймагына киргизилүүсү жана транзити азайып, артка кайтарылган продукциянын көлөмү 105 тоннадан ашканын да белгилейт.

Кыргыз-казак чек арасында жарандардын жана жүк тарткан унаалардын топтолуусу 10-октябрдын кечинен бери байкалууда.

Бул көрүнүш президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак бийлигине багытталганын сынын расмий Астана “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди. (UE)

XS
SM
MD
LG