Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

Мадумаров: шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм


Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан президенттикке талапкер Адахан Мадумаров бүгүн “Азаттык” радиосуна курган маегинде билдирди. Ал шайлоонун тазалыгынан күмөн санай турган көп жагдай болгонун, добуштар уурдалганын айтты. Мындан сырткары шайлоодо уткан КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду өзүнүн атаандашы катары эсептебей турганын, жалпы система менен күрөшүүнү мындан ары да улантарын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Аны добуш бергендердин 35 пайызы колдогон.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG