Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Кенекеев Таластагы митингде: Ичиңер ачышууда, бирок шайлоо таза өттү


Даир Кенекеев
Даир Кенекеев

Талас шаарында ушу тапта шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор митинг өткөрүп жатышат. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, облустук бийлик отурган имараттын алдында 700дөй адам чогулуп турат. Милициянын маалыматына караганда, чогулгандардын саны 500 чамалуу адам.

Ага чейин алар “Республика” партиясынын лидери, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун штабынын жанында чогулуп, андан соң Кыргызстандын желегин көтөрүп алып шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып чыгышкан. Бирок штаб өкүлдөрү бул жөө жүрүшкө тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Өмүрбек Бабанов 15-октябрда өткөн шайлоого катышып, Таласта жана Чүйдө эң көп добуш алды. Бирок жалпы республиканын аймагын алганда биринчиликти алган КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго утулду.

Ал бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп өз тарапкерлерин нааразылыкка чыкпоого, чагымга алдырбоого чакырды жана Таласта чогулуп жаткандар тууралуу кабары жок экенин билдирди.

Митингге чыккандардын алдына өкмөттүн облустагы өкүлү Даир Кенекеев чыгып “Ичиңер ачышып турат. Бирок Таласта шайлоо таза болду. Өмүрбек Токтогуловичке ыраазы боло тургандай добуш берилди. Шайлоого шек келтирбегиле. Кааласаңар Бабанов деп чогуу кыйкыралы. Бирок бул жерде туруунун кажети жок” деди. (AlS)

XS
SM
MD
LG