Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Путин Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин президенттик шайлоодо уткан талапкер Сооронбай Жээнбековду куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылды.

“Шайлоо жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековдун мекендештери арасындагы жогорку беделин тастыктады жана анын социалдык-экономикалык актуалдуу маселелерди чечүүдөгү эмгегин бааларын көрсөттү” деп жазылган куттуктоо телеграммасында.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк, союздаш мамилесин бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалай турганы белгиленди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт.

Жээнбековдун атаандаштары бул шайлоодо административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулганын, добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу орун алганын белгилеп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG