Бул тууралуу шаар тургундары жана күбөлөр билдирүүдө. Алардын айтымында, ирактык аскерлер Киркук шаарына кирүү менен провинция кеңешинин кеңселерин да ээлешти. Ошондой эле провинция губернатору отурган имаратта Ирактын желеги менен кошо турган күрт желегин да алып салышты.
Мунун алдында Киркуктун түштүк тарабында кагылышуулар болгону, буга чейин күрттөр көзөмөлдөгөн шаардан миңдеген тургундар качып жатканы кабарланган. Ага чейин Ирак армиянын билдирүүсүндө өкмөттүк күчтөр Киркук шаарынын түштүгүнөн көпүрөлөргө, жолдорго, инфраструктурага, анын ичинде газ жабдууларына, электр станцияларга, полиция бекеттерине көзөмөл орноткону айтылган.
Күрт күчтөрүнүн өкүлү, генерал Бахзад Ахмед федералдык аскерлер Киркуктун түштүгүндөгү индустриалдык аймакты ээлегенин ырастап, уруштар “көп зыян” алып келгенин белгиледи.
Күрт автономиясынын Пешмерге күчтөрү Киркук провинциясынын басымдуу бөлүгүнө 2014-жылы “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулу учурунда көзөмөл орноткон.
Премьер-министр Хайдар ал-Абади армиянын азыркы операциясын “өлкөнүн биримдигин коргоо” деп түшүндүрдү.
Расмий Багдад мындай кадамга автоном аймактагы референдумдан үч аптадан кийин барууда. Күрт автономиясынын бийликтери көз карандысыздык колдоо тапты деген референдумду Багдад мыйзамсыз деп атаган. Акыркы ирет 15-октябрдагы сүйлөшүүлөрдө күрт лидерлери Багдаддагы өкмөттүн референдум жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын четке каккан эле.
АКШ 15-октябрдын кечинде аймактагы “оюнчулардын” баарын Ирактын стабилдүүлүгүнө шек келтирүүчү жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштөн алагды кылуучу “дестабилдештирүүчү аракеттерден” оолак болууга чакырган.
Мунайга бай Киркук провинциясын Күрт автономиясы менен Багдаддагы өкмөт талашып келет. (UE)