Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Евробиримдик Түндүк Кореяга каршы жаңы санкция киргизди


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын ракета сыноого байкоо салган учур. 16-сентябрь, 2017-жыл.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын ракета сыноого байкоо салган учур. 16-сентябрь, 2017-жыл.

Жаңы санкциялар биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 16-октябрдагы жыйынында жактырылды. Мунун себеби катары Пхеньян БУУнун Коопсуздук кеңешинин бир нече санкциясын одоно түрдө бузуп жатканы айтылды. Ага ылайык, Түндүк Кореяга иштетилген жана чийки мунайды сатууга толугу менен тыюу салынат. Ал эми Түндүк Кореяга которууга уруксат берилген акчанын эң жогорку көлөмү азыркы 15 миң евродон 5000 еврого түшүрүлөт.

Жаңы санкциялар боюнча ошондой эле Түндүк Корея режимине байланышы бар үч жеке адам менен алты ишкана кара тизмеге кошулду. Алар эми Евробиримдиктин аймагына келе албайт жана активдери тоңдурулат. Бул чаралардын баары дароо күчүнө кирет.

Учурда Евробиримдиктин кара тизмесинде Түндүк Кореядан 41 жеке адам, 10 ишкана бар. Улуттар уюму болсо ушундай эле тизмеге 63 жеке адамды, 53 мекеме-ишкананы киргизген.

Пхеньяндагы режимге каршы жаңы санкциялар ал баллистикалык ракеталарын утур-утур сынап жатканына байланыштуу киргизилүүдө.

Түндүк Корея өткөн айда суутек бомбасын да сынаган. (UE)

XS
SM
MD
LG