Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Атамбаев эл аралык байкоочулардын шайлоо тууралуу пикирлерин укту


Президент Атамбаев шайлоо күнү. 15-октябрь, 2017-жыл
Президент Атамбаев шайлоо күнү. 15-октябрь, 2017-жыл

Жолугушууга ЕККУ, ШКУ, Европа парламенти, Европа Кеңешинин аарламенттик ассамблеясынын, ЕККУнун парламенттик Ассамблеясынын, Ислам Кызматташуу Уюмунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын миссияларынын өкүлдөрү катышты.

Мамлекет башчысы эл аралык байкоочуларга президенттик шайлоону өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, таза шайлоолор – өлкөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги экендигин баса белгиледи. “Эки революция тең парламенттик жана президенттик шайлоолорду таза эмес өткөрүүдөн келип чыккан. Буга чейин биз парламенттик шайлоону өткөргөнбүз, эсимде абдан толкунданып күтүп отурганбыз. Ал кезде биометрикалык шайлоолор эксперимент болчу" деди президент.

Мамлекет башчы Кыргызстанда таза шайлоо өткөрүү – негизги максаттарынын бири болгонун баса белгилеп, мындан кийинки шайлоолор да ушул нукта таза өтөрүнө ишеничин билдирди.
Эл аралык байкоочулардын миссия башчылары президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүшү менен куттукташты жана жаңы технологиялык менен өткөрүлгөн шайлоону кубатташты.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын өкүлү Фиала Дорис Атамбаев президенттик кылган жылдары жетишкен тынчтык жана туруктуулук жалпы Борбор Азия аймагына жакшы таасир тийгизип жатканын белгиледи.

Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, ага шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков жалпы добуш бергендердин 54% ээ болуп, алдыга чыкты.

Жээнбековдун атаандаштары бул шайлоодо административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулганын, добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу орун алганын белгилеп жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG