Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев баштаган Кыргызстандагы энергетика тармагынын жетекчилери журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, кышка даярдык тууралуу маалымат беришет.
Анда электр энергиясы жаатындагы абал, Бишкек, Ош шаарларындагы жылуулук борборлорунун кышка даярдыгы, социалдык мекемелердин, калктын отун-көмүр менен камсыздалышына чейин тиешелүү жетекчилер айтып беришет.
Октябрь айынын башында Бишкектин түштүк-батыш тарабында электр энергиясы бир нече күн жок болгон. "Түндүкэлектро" ишканасы муну подстанциялардын биринде өрт чыкканына байланыштырган.
Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыз кылууда чоң мааниси бар Токтогул суу сактагычында быйыл 19 млрд куб метрден ашуун суу бар.(ZKo)