Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Ферганада сегиз жыл камакта жаткан укук коргоочу эркиндикке чыкты


Ганихон Маматхонов
Ганихон Маматхонов

16-октябрда сегиз жылдан бери абакта жаткан 67 жаштагы өзбек укук коргоочусу Ганихон Маматхонов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу адам укуктары боюнча «Эзгулик» коомунун активисти, ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахман Ташанов билдирди.

Ганихон Маматхоновдун ысымы эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары тарабынан Өзбекстандагы саясий туткундардын тизмесине киргизилген. 2009-жылдын 10-октябрында кармалган ферганалык укук коргоочу алдамчылык жана пара берүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Ферагана апелляциялык соту анын камактагы мөөнөтүн төрт жыл беш ай жатак абагына өзгөрткөн. Бирок 2010-жылы Маматхонов кайрадан түрмөгө которулган.

Сот 2014-жылы анын камактагы мөөнөтүн 2,3 жылга, 2016-жылы дагы эки жылга узарткан.

Маматхоновдун кесиптештери менен эл аралык укук коргоочулар анын күнөөлүү эместигин жана профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн жазаланганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG