Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Маевкада белгисиз адам автоунаа, үйлөрдү өрттөп кетти


Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында белгисиз адам көчөдө турган автоунаа, үйлөргө өрт койгон. Окуя 16-октябрдан 17сине караган түнү болгонун журналист Албина Метерова “Азаттыкка” ырастады.

Ал болжол менен онго жакын учур катталганын, алардын короосунда турган унаасы да күйгөнүн белгиледи.

Ушундай окуя катталганын Чүй милициясынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов “Азаттык” радиосуна ырастады.

- Учурда ыкчам-иликтөө тобу жеринде иштеп жатат. Ушундай окуя болгону ырас. Түнкү үчтөрдө машиналарды өрттөгөнгө аракет кылган. Fiat үлгүсүндөгү машина толук өрттөнгөн. Мындан сырткары дагы эки машинаны, үйдүн каалгасын өрттөө аракети болгон. Анын эшиги күйүп жатканда байкап калып, өрттү өчүрүп калышкан.

Токтосуновдун белгилешинче, бул окуяга байланыштуу психикалык жактан жабыркаган жаран суралып жатат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG