Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:03

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: семиз балдар көбөйдү


5 жаштан 19 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр арасында семиздик илдетине чалдыккандар көбөйүүдө.

2022-жылга чейин балдардагы семиздик адамзат саламаттыгынын оор проблемасына айланарын Дүйнөлүк саламаттык уюму эскертет.

Лондондогу Империялык коллеж жүргузгөн изилдөөдө 213 миллион бала ашыкча салмактан жабыркары аныкталды.

1975-жылы дүйнөдө 11 миллион бала ашыкча салмак менен катталган. Изилдөөнү жетектеген профессор Мажит Иззати балдардын семирүүсү акыркы 40 жылда глобалдык проблемага айланганын билдирет. (BCh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG