Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Поезддин астында калган жигиттин өлүмү иликтенип жатат


Бишкек-Балыкчы поезддик каттамы. Иллюстрация
Бишкек-Балыкчы поезддик каттамы. Иллюстрация

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Эрнис Осмонбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, кырсык бүгүн эртең менен саат 8:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн темир жол менен кесилишинде орун алган. Жүк ташып бараткан поезд бир адамды тебелеп кеткен.

Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй 18 жаштагы тургун кулагына кулакчын (наушник) тагып, музыка угуп бараткан. Поезддин машинисти бир нече жолу берген сигналын укпай, темир жолдон чыккан эмес. Машинист тормозду тепкенине карабай поезд аны тебелеп, отуз метрге чейин сүйрөп кеткен.

Окуя болгон жерде каза болгон жаран 1997-жылы туулган Сокулук районунун тургуну экени аныкталды. Ал жеке фирмада слесарь болуп иштечү.

Учурда ИИМдин темир жол транспорту боюнча милиция бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG