Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Кыргыз-казак чек арасында 150дөй адам кезек күтүп турат


Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 150нүн тегерегинде адам Казакстанга кирүүгө кезек күтүп турат. Чек ара кызматынын өкүлү Мирбек Осмоналиевдин “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, абал мурдагыдан өзгөргөн жок. Анын айтымында, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 130дан ашуун оор жүк ташуучу, 20дай жеңил унаа Казакстанга кирүү үчүн кезекте турат.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоо бүткөндөн кийин чек арадан өтүү жөнөкөйлөбөсө ЕАЭБнын чукул жыйынын чакырууну талап кыларын 15-октябрда билдирген болчу.

Бүгүн, 17-октябрда Кыргызстандын Экономика министрлиги Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына кайрылды. Анда казак тарап Евразиялык экономикалык биримдиктин укуктарынын нормаларын сактабай жатканын айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG