Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

АКШ элчилиги шайлоодогу ар бир мыйзам бузууну ачык иликтөөгө чакырды


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги президенттик шайлоо тууралуу билдирүү жасады. Анда шайлоонун тынч өткөнү жана шайлоого катышкандардын жогору саны кыргызстандыктардын демократиялык жолун улантууга болгон умтулуусун дагы бир ирет ырастай турганы белгиленген.

- Биз Кыргыз Республикасында бийликтин демократиялык жол менен алмашуусуна, шайлоонун туура өтүүсүнүн пайдубалын түптөөгө салымын кошкон тиешелүү жоопкер кызматкерлерге жана ошондой эле, жарандык коомдун көзөмөл кылуудагы маанилүү ролуна жогору баа беребиз. Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана эли бул шайлоону ийгиликтүү өткөргөнү менен сыймыктанууга укуктуу, - деп жазылган элчилик тараткан билдирүүдө.

Мындан сырткары АКШ элчилиги шайлоодо утуп чыккан Сооронбай Жээнбековду куттуктады. Эл аралык байкоочулардын маалыматына таянып, Борбордук шайлоо комиссиясын ар бир арыз боюнча ачык иликтөө өткөрүүгө чакырды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстандагы атаандаштык шартында өткөн шайлоо бийликти тынч өткөрүп берүүгө шарт түзгөнүн жана бул жагынан башкаларга үлгү боло алганын 16-октябрда билдирген.

ЕККУнун билдирүүсүндө айтылгандай, негизинен өнөктүк эркин өттү, бирок административдик ресурс колдонуу, шайлоочуларга басым көрсөтүү жана добуштарды сатып алуу тынчсыздандыруучу фактор бойдон калууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG