Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Атамбаев чек арадагы абалды жеңилдетүүнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. 17-октябрь 2017
Президент Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. 17-октябрь 2017

Бул тууралуу бүгүн 17-октябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевди кабыл алган учурда айтты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Шаршеев чек араны коргоо жана сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Казакстандын көзөмөлдөп-өткөрүүчү пункттарындагы азыркы кырдаал туурасында маалымат берди.

Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматы башка мамлекеттик органдар менен бирдикте кыргыз-казак чек арасындагы кыйын кырдаалда калган адамдардын абалын жеңилдетүү боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле тез бузулуучу азыктар жүктөлгөн жүк ташуучу чоң автомашиналарды Казакстандын өткөрүүчү пункттарына биринчи кезекте багыттоого көмөктөшүү жана ошол иштерди уюштуруу милдетин тапшырды.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоо бүткөндөн кийин да чек арадан өтүү жөнөкөйлөбөсө ЕАЭБнын чукул жыйынын чакырууну талап кыларын 15-октябрда билдирген болчу. Бүгүн, 17-октябрда Кыргызстандын Экономика министрлиги Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына кайрылды. Анда казак тарап Евразиялык экономикалык биримдиктин укуктарынын нормаларын сактабай жатканын айтылган.

Чек ара кызматы бүгүнкү күндө “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 150дөй киши, “Ак-тилек” бекетинде 130дай оор жүк ташуучу, 20дай жеңил машина кезек күтүп турганын кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG