Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Испанияда жикчил уюмдардын эки жетекчисин камоого буйрук берилди


Испания
Испания

Испаниянын Жогорку Соту Каталониянын жикчил уюмдарынын эки жетекчисин камоого буйрук берди.

Прокуратура Жорди Санчес жана Жорди Куишарт 1-октябрдагы эгемендик референдумун уюштурууда негизги роль ойношкон деп айыптоодо. Алардын камалышы ансыз да курчуп турган кризисти ого бетер тереңдетчүдөй.

Дүйшөмбүнүн кечинде каталон өкмөтүнүн алдына чыккан көз карандысыздыктын колдоочулары “Саясий туткундарга боштондук" деп ураан чакырып турушту.

Жикчил топтор 17-октябрда нааразылык акциясын өткөрүүгө чакырышты. Айрым кишилер болсо соттун чечимин кубатташууда. Испаниядан бөлүнүү референдумун Мадрид мыйзамсыз деп тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG