Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Ооганстандагы кол салуудан кеминде алты киши набыт кетти


Ооганстандын түштүк-чыгышында жанкечти жана куралдуу бир нече киши полициянын машыгуу борборуна кол салды.

Кеминде алты киши окко учту, 30 чактысы жараланды. Бүгүн эртең менен болгон теракт үчүн жоопкерчиликти Талибан өзүнө алды.

Ички иштер министрлиги окуя Пакистан менен чектеш Пактия чөлкөмүндөгү Гардез борборунда болгонун маалымдады. Жанкечти дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жибергенден көп өтпөй куралчан адамдар комплекске чабуул койгон.

Чөлкөмдүн жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Алла Мир Байрамдын айтымында, борбордон сырткары полиция баш кеңсесинин жанында да бомба жарылды.

Саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн кызматкерлери жабыркагандар арасында карапайым адамдар жана аскерлер бар экенин билдиришти. Кол салгандардын бери дегенде экөө коопсуздук күчтөрү тарабынан атып өлтүрүлдү. Жоочулар менен коопсуздук күчтөрү ортсундагы аткылашуу уланууда.

XS
SM
MD
LG