Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:06

Директордун өлүмү боюнча соттун созулушу нааразылык жаратты


Каракол шаарында медициналык коллеждин директору Анарбүбү Абсалиеванын өлүмүнө байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум өтпөй калды.

Буга нааразы болгон маркумдун жакындары ишти кароону создуктуруп жатат деп айыпталуучу тарапты күнөөлөдү.

Маркумдун сиңдиси Айсулуу Муканбетова сот атайылап создуктурулуп жатат деп эсептейт:

- Сот отурумун бир жумада эки жолу коюп жатышат. Бирок создугуп келет. Биринде жактоочусу келбей калат, дагы биринде өзү жыгылат же кан басымы көтөрүлүп кетет.

Айыпталуучу тарап соттун жылышына алардын тиешеси жоктугун айтууда. Шаардык соттон конвойлор бош болбой калганы үчүн отурум 23-октябрга жылганын билдиришти.

2016-жылдын 17-ноябрда Каракол шаарындагы медициналык коллеждин директору Анарбүбү Абсалиева өз үйүнөн киши колдуу болуп каза тапкан. Анын денесине бир нече жолу бычак сайылган. Андан көп өтпөй кылмышка шектелип коллеждин бухгалтери кармалган болчу. (AsM)

XS
SM
MD
LG