Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы кабарлады.
“Сиздин жеңишиңиз бир тууган Кыргызстан элинин өлкөнү эл аралык аренадагы аброюн бекемдөө жана калктын турмушун жакшыртуу, тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана ынтымакты сактоо боюнча терең структуралык реформаларды улантуучу спрограммаңызды колдой турганын көрсөттү” деп айтылат Өзбекстандын башчысынын билдирүүсүндө.
Билдирүүдө ошондой эле Өзбекстандын жетекчилиги Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жакшыруусуна мындан ары да чоң көңүл бура турганы айтылат. Өзбекстандын президенти Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана мамлекеттик жооптуу кызматтагы ишмердүүлүгүндө ийгилик, Кыргызстандын элине тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү каалай турганын билдирет.
Сооронбай Жээнбековду президенттикке жарыштан утуп чыгышы менен буга чейин 16-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да куттуктаган. Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев телефон аркылуу куттуктаганын Жээнбековдун штабынан кабарлашкан.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт.
Жээнбековдун атаандаштары бул шайлоодо административдик ресурс колдонулганын, добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу орун алганын белгилеп жатышат. (ErN)