Дүйшөмбү күнү Омандын борборунда Ооганстан, Кытай, Пакистан жана АКШнын өкүлдөрү Ооганстандагы "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантуу жолдорун талкуулашты. "Талибандын" ал жолугушууга катышып-катышпаганы белгисиз. Кыймылдагы айрым булактар Маскаттагы сүйлөшүүлөргө "Талибан" өкүлдөрү барышпайт деп айтышкан. 2015-жылы токтоп калган жараянды жандантуу демилгесин Исламабад көтөргөнүн пакистандык расмий адамдар билдиришти. Ооган делегациясынын жетекчиси Омандагы жолугушууда Пакистан-Ооганстан мамилелери жана коңшу өлкөнүн терроризмге каршы күрөшүү милдеттемелери сөз болоорун айтты.
АКШ Мамлекеттик депараменти 16-октябрдагы кездешүү тууралуу кабарды тастыктап, бирок чоо-жайын маалымдаган жок.
Төрт тараптуу жумушчу топтун буга чейинки жолугушуусу былтыр жыл башында Исламабадда өткөн. Бирок Кабул өкмөтү менен "Талибандын" тикелей сүйлөшүүсүн уюштуруу аракеттеринен майнап чыга элек.