Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Навальный 2028-жылга чейин президенттик шайлоого катыша албайт


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова оппозициялык саясатчы Алексей Навальный 2028-жылга чейин президенттикке ат салыша албайт деп билдирди. 41 жаштагы оппозициячы 2018-жылкы шайлоодо жогорку кызмат үчүн ат салышарын айтып келатат. Бирок июнь айында комиссия Навальный финансылык кылмыш жасаган деген иш боюнча айыпталып жатканын жүйө келтирип, анын президенттик жарышка катыша албастыгын эскерткен. Навальный сот ишинин артында саясий себеп бар деп айтып келатат.

"Навальный келечеги бар жаш саясатчы, мүмкүнчүлүктөрү дагы болот", - деген Памфилованын сөздөрүн ТАСС агенттиги келтирет.

Көпчүлүк күткөндөй Владимир Путин кийинки жылы шайлоодо жеңсе, Конституция боюнча 2024-жылы талапкерлигин кое албайт.

XS
SM
MD
LG