Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Бишкекте тогуз айда 3,5 миңден ашуун мыйзамсыз күркөлөр алынды


Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү бузулган мыйзамсыз күркөлөр
Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү бузулган мыйзамсыз күркөлөр

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда белгилегендей, мэриянын алдында жыл башында түзүлгөн мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу жана жок кылуу боюнча оперативдик штаб тогуз ай ичинде 3 миң 691 мыйзамсыз күркөлөрдү бузуп, ордунан алдырды.

Акыркы факты бүгүн Бишкектин Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде арыктардын үстүнө курулган үч мыйзамсыз күркөнү Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы бузуп, алып кетти. Аталган мекеме өкүлдөрү билдиргендей, курулуштардын тиешелүү уруксат кагаздары жана документтери жок болгон.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, жыл соңуна чейин борбор калаада курулуш-архитектуралык талаптарга туура келбеген жана уруксат документтери жок дагы бир топ объектилер бузулуп, жок кылынат. (ErN)

XS
SM
MD
LG