Кыргызстандын аймагында 18-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жамгырдын карга айланышы, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 19-24 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 11...16, кечинде 6 градуска чейин түшөт;
Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 10...15, кечинде 5 градуска чейин түшөт;
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 13...18;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 10...15, күндүз 14...19;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;
Нарында түнкүсүн 0...+5, күндүз 13...18;
18-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 19-октябрда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 12...14 градус жылуу болот, кечке жуук 7 градуска төмөндөйт.