Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Бишкекте жакырчылыкка каршы күрөшүү күнү белгиленди


17-октябрь - жакырчылыкты жоюу боюнча эл аралык күнгө карата Кыргызстандагы "Кызыл чырым" уюму жашоо-шарты оор, кароосуз калган адамдарга жардам берди. Туруктуу жашай турган жери жок адамдар баш паанек кылчу “Коломто” борборуна барып тамак-аш, жылуу кийим-кечек таратышты. Ошондой эле уюмдун кызматкерлери аларга жакындарын табуу үчүн өз жардамдарын сунушташты. Учурда бул жайда 70тен ашуун киши жашап жатат.

Мындан сырткары "Кызыл чырым" уюмунун өкүлдөрү “Айданек” балдар үйүнө, “Көчө балдарын реабилитациялоо” борборуна барып 100дөн ашуун балдарга жардам берди.

Американын Global Finance басылмасы 2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанды дүйнөдөгү 50 жакыр өлкөнүн бири деп тапкан. Статистика боюнча Кыргызстандагы элдин 32 пайызы жакыр жашайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG