Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:01

“Кыздарыбызды аздектейли” сынагына элүүдөн ашык чыгарма келди


Кыргыз кыздары. Иллюстрация
Кыргыз кыздары. Иллюстрация

“Кыздарыбызды аздектейли” сынагына элүүдөн ашык чыгарма келгенин анын уюштуруучуларынын бири, “Жигер” чыгармачылык борборунун жетекчиси Улукбек Омокеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз кыздарын урматтап, сыйлоого жана коргооого арналган “Кыздарыбызды аздектейли” деп аталган ыр жана эсселер сынагынын алкагында бир айдын ичинде социалдык тармактарда 50дөн ашык ыр жана эссе жарыяланды.

Сынакка чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү алгач 20-октябрь деп каралган, бирок октябрдын аягына чейин узартылды. Каалоочулар кыргыз кыздарынын жана аялдарынын бүгүнкү турмуштагы абалы, орду жана келечеги, көйгөйү жана жыргалы тууралуу ыр же эссе жазып, Фейсбукта #Кыздарыбызды_аздектейли аттуу хештег менен кошо жарыялашы керек.

12 саптан кем болбогон жана 24 саптан ашпаган, буга чейин эч жерде жарыяланбаган ырлар сынакка катыша алат. Ыр жана эссе үчүн эки башка байге каралган. Жеңүүчүлөрдү атайын жазуучу жана акындардан түзүлгөн калыстар тобу аныктайт жана сынактын байге фонду 100 миң сом.

Блогер жана акын Улукбек Омокеев билдиргендей, атын жарыялагысы келбеген жаран өлкөдө жана чет жакта кыргызстандык кыздар кордолуп жаткандыктан улам ушундай сынакты өткөрүү идеясын сунуштап, өзү демөөрчү болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG