Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Оңдоо иштерине байланыштуу Киров суу сактагычындагы суу коё берилет


Киров суу сактагычы.
Киров суу сактагычы.

Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынын плотинасын оңдоо жана бекемдөө максатында 18-октябрдан тарта анын чөйчөгүн бошотуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги маалымдады. Ага ылайык, чөйчөктөгү суу түбүнө чейин агызылат.

Суу сактагычтан суу коё берилээри тууралуу маалымат анын төмөн жагындагы Талас облусунун Манас районуна жана Казакстандын Чүй-Талас аймагындагы суу инспекциясына айтылган.

Кыргызстан Киров суу сактагычындагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат, калганын келишимдин негизинде Казакстан колдонот.

Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган.

Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлигинин суу сактагычты оңдоо тууралуу малыматы Астананын демилгеси менен кыргыз-казак чек арасынан адамдардын жана автоунаалардын өтүүсү кыйындаган учурга туш келди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG