Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Европа соту: Навальный адилетсиз соттолгон


2014-жылдын декабрында ага-ини Навальныйларга "Ив Роше" компаниясынын ири көлөмдөгү каражаттарын уурдашкан деген өкүм чыгарылган.
2014-жылдын декабрында ага-ини Навальныйларга "Ив Роше" компаниясынын ири көлөмдөгү каражаттарын уурдашкан деген өкүм чыгарылган.

Адам укуктары боюнча Европа соту орусиялык оппозиционер Алексей Навальный жана агасы Олег Навальный адилет сот укугуна ээ боло алган эмес деп тапты.

"Ив Роше иши" боюнча аларга Орусия 75 миң евро жана 450 миң рубл компенсация төлөөгө тийиш деп чечти сот.

Алексей Навальныйдын адвокаты Ольга Михайлова соттун чечимине канааттанганын айтты:

- Орусия Европа сотунун чечимдерин аткарабыз деген милдеттенме алган, анда кааласа да, каалабаса да аткарууга тийиш. Башкача айтканда Орусия Европа сотунун юрисдикициясына кирген соң соттун чечимин аткарууга милдеттүү.

Судьялардын пикиринде, ага-ини кадимки эле ишкердик заказды аткарышкан. Ошол эле маалда сот алардын ишин саясий деп таануудан баш тартты. 2014-жылдын декабрында ага-ини Навальныйга "Ив Роше" компаниясынын ири көлөмдөгү каражаттарын уурдашкан деген өкүм чыгарылган. Навальныйлар күнөөсүн моюнга алышкан эмес. Алексей Навальный шарттуу кесилсе, агасы үч жарым жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG