Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Таластагы лицейдин 11 окуучусу ууланганы кабарланды


Иллюстрация
Иллюстрация

Талас облустук биргелешкен ооруканадан билдиришкендей, "Манас Ата Сапат" лицейинин алты окуучусу 16-октябрь күнү түңкү саат 11де ичи ооруп жатканын айтып, ооруканага кайрылышкан. Ал эми 17-октябрда кечки саат алты чамасында дагы беш окуучу ооруканага жаткырылганын облустук биргелешкен оорукананын башчысы Шаршенбек Джумашалиев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Кечээ алты бала келген экен. Алар 17-октябрда эртең менен чыгарылды. Бүгүн дагы беш бала түштү. Алар азыр оорукананын кабыл алуу бөлүмүндө. Абалдары канааттандыраарлык.

Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин басма сөз катчысы Лаура Исабаева бул маалыматты жарым-жартылай ырастап, "Сапаттын" Таластагы алты окуучусу ооруканага кайрылганын, уулануунун себеби азырынча белгисиз экенин "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Сапат" билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштейт. Учурда өлкө боюнча элүүдөн ашуун окуу жайлары бар. "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтарда, эл аралык уюмдарда жана дүйнөлүк компанияларда иштеп жатышат. (AlS/ZKo)

XS
SM
MD
LG