Украинанын Жогорку Радасы 19-октябрда депутаттык кол тийбестикти алып салуу маселесин карайт. Бул шейшембиде өлкөнүн ири шаарларында болуп өткөн саясий реформа акциясынын бир талабы болчу.
17-октябрда Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышынан төрт киши жабыркаганы кабарланды, бирөө полициячы.
Саясий реформа талап кылгандар негизинен үч талап менен чыккан: Шайлоо реформасы, депутаттык кол тийбестикти жоюу жана антикоррупциялык сот түзүү.
Демонстранттар чатыр лагери талаптар толук аткарылмайын чечилбесин билдиришүүдө. "Украинская правда" басылмасы митингдин уюштуруучулары полиция күч колдонгонуна нааразы экенин жазды.
Демонстранттардын арасында Грузиянын экс-президенти, Украинадагы Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили да бар.