"Түндүк электро" ишканасынын маалыматы боюнча, бүгүн таңга жуук болгон катуу шамалдан Бишкекте электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады. Маалыматка ылайык, электр жарыгы саат 5:30да өчтү. Ушул тапта бузулган түйүндөр жана электр жарыгысыз калган элдин саны такталып жатат.
Ал эми Бишкектеги "Зеленстрой" ишканасы саат 5:30да шамал башталгандан бери шаарда үч жерде дарак кулаганын билдирди. Алардын экөө Толстой жана Жибек Жолу көчөлөрүндөгү автоунаа жүрчү жолго кулаган. Ишкананын кызматкерлери жол тазаланганын маалымдады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, 18-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөрүн, ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетерин маалымдаган.(ZKo)