Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Бишкекте, Чүйдө жана Таласта шамалдын кесепеттери такталды


Бүгүн таңкы шамалдын кесепеттери
Бүгүн таңкы шамалдын кесепеттери

Бүгүн таңкы саат 5:30дан кийинки жана таңкы саат 10:00дөгү катуу шамалдан улам Бишкектин, Чүйдүн жана Таластын бир катар аймактарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиева билдирди. Анын айтымында, таңкы саат алтыга жакын катуу шамал үйдүн чатырын учуруп, шыйпырлар Бишкектеги “Пенько-Жутовая” станциясын жабыркатты. Натыйжада Чүй проспектиси, Жумабек, Сүйүмбаев, Гоголь, Москва көчөлөрүн бириктирген бөлүк электр энергиясыз калган. Бир сааттай убакыттан кийин бул аймактын жашоочулары резервдик линияларга кошулган.

Ал эми 10:00дөгү катуу шамалдан кийин Бишкектин Тынчтык, Арча-Бешик конушунун түштүк-батыш ыптасы жарыксыз калды. Ушул эле убактагы бороондон улам Чүй облусунда жогорку чыңалуудагы он линиясы үзүлгөн.

Анын натыйжасында Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук районундагы айрым көмөк-чордондордон электр алган абоненттер жарыксыз калышты. Талас облусунда болсо “Кировка” подстанциясындагы бир фидер жарактан чыккан. Мындан улам жарыксыз калгандардын жалпы саны азырынча так эмес, бирок “Түндүкэлектр” ишканасына телефондон арыз менен кайрылгандардын саны Бишкектен 29, Таласта 13, Чүйдөн 123 болду. Гуля Мураталиева билдиргендей бул үч аймакта алтымыштан ашуун бригада иштеп жатат, алар кечке чейин оңдоого аракет кылышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнкү таңкы бороондон олуттуу жабыр тартуулар боюнча арыз түшө электигин бирок тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, аймактарда шамал секундасына 25 метрге чейин, Бишкек жана Кара-Балта шаарларында 20 метрге чейин жеткен жана бул өзгөчө кырдаал болуп саналбайт.

Буга карабай борбор калаада жана аймактарда бир катар үйлөрдүн, имараттардын чатырлары сынып, сырткы, ички көрүнүштөрүнө зыян келген. «Жашылдандыруу» ишканасынын билдирүүсүндө Бишкек шаары боюнча бир нече дарак кулаган. Муниципалдык кызмат таң эрте кулаган даракты жолдон алды. (ErN)

XS
SM
MD
LG