Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Кыргызстанда спайс тараткан топ кармалды


Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз маңзат ташууга каршы күрөшүү кызматы синтетикалык маңзатты таратып жүргөн топту аныктады. Алардан ири көлөмдөгү спайс алынганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандарынан турган топ психотроптук затты даярдап, аны Интернет аркылуу сатып келген. Акчаны “Qiwi-капчык” аркылуу алып, маал-маалы менен электрондук капчыктын эсебин өзгөртүп турушкан.

Спайс сатуудан түшкөн электрондук акча Казакстан аркылуу Армения менен Москвага которулуп, кайра накталай түрдө Visa картасы менен Орусия, Казакстан, Кыргызстандан алынган.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, кылмышка шектүү делип Орусиянын 26 жаштагы жараны жана анын жарандык никедеги жубайы, Чүй облусунун 24 жаштагы тургуну 5-октябрда кармалды. Аларды кармоо маалында 1,5 грамм спайс, 208 миң сом жана 395 миң рубль, компьютер, Visa картасы, телефон дрон табылды. Дрондун жардамы менен алар үйдүн тегерегиндеги абалды билип турушкан. Мындан сырткары Бишкектен лыжа базасына бараткан жолдо, тоо тараптан психотроптук зат көмүлгөн сегиз жай аныкталды. Ал жерлерден 80 грамм спайс табылды.

2015-жылы Жогорку Кеңеш спайсты коркунучтуу маңзаттар тизмесине кошуп, аны колдонууга каршы мыйзам кабыл алган. Түрдүү заттардын аралашмасы саналган "Спайс" жөнүндөгү жарыялар Кыргызстанда соңку жылдары кескин көбөйүп кеткен болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG