Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Чүйдө бир адамды поезд тебелеп кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Шопоков шаарчасынын айланасында дагы бир адамды поезд тебелеп кеткени боюнча айрым сайттарда жазылып жаткан кабарды “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат катчысы Эркин Каимов “Азаттык” радиосуна ырастады.

Анын айтымында, бул окуя 16-октябрдан 17-октярга караган түнү болгон. Чүй облусунун Сокулук районудагы Шопоков шаарчасынын айланасында бараткан жүк ташуучу поезд темир жолго жатып алган жаранды байкап, бир нече жолу сигнал берген. Ага карабай жолдон качпай койгон жаранды поезд тебелеп кеткен. Каимовдун айтымында, поезддин тормозун тепкенден кийин 500-800 метрден кийин гана токтойт, ошол себептүү бул жерде машинисттердин айыбы болгон эмес.

Окуя болгон жерде каза болгон жаран болжол менен 25-30 жашта, аты-жөнү аныктала элек. Анын эмнеден улам сигналга карабай жолдон качпай койгону белгисиз. Алгачкы жыйынтыктар боюнча ал мас болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Учурда ишти ИИМдин темир жол транспорту боюнча милиция бөлүмү иликтеп жатат.

Кечээ 17-октябрда эртең менен саат 8:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн темир жол менен кесилишинде жүк ташып бараткан поезд бир адамды тебелеп кеткен. Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй 18 жаштагы тургун кулагына кулакчын (наушник) тагып, музыка угуп бараткан. Поезддин машинисти бир нече жолу берген сигналын укпай, темир жолдон чыккан эмес. Машинист тормозду тепкенине карабай поезд аны тебелеп, отуз метрге чейин сүйрөп кеткен. Жаран окуя болгон жерден каза болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG