Бул тууралуу айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал Киров суу сактагычындагы суунун качан коё берилери азырынча белгисиз экенин, бирок октябрь айындагы планга киргенин айтты.
- Сууну толугу менен агызып туруп анан ремонт иштерин баштоо керек. Ошол боюнча азыр иштер жүрүп жатат. Ал боюнча Казакстан тарапка кабар бергенбиз. Бул ремонт иштерине гана байланыштуу, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга тиешеси жок.
Аталган министрлик Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынын плотинасын оңдоо жана бекемдөө максатында 18-октябрдан тарта анын чөйчөгүн бошотуу иштери жүргүзүлөрүн кабарлаган. Суу сактагычтан суу коё берилери тууралуу маалымат анын төмөн жагындагы Талас облусунун Манас районуна жана Казакстандын Чүй-Талас аймагындагы суу инспекциясына айтылган.
Кыргызстан Киров суу сактагычындагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат, калганын келишимдин негизинде Казакстан колдонот. Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган.
10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Ошондон тарта оор жана жеңил унаалар, жарандардын өтүүсү кыйындаган.(КЕ)