Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Казак эксперти: Атамбаев жарым кадам жасады


Атамбаев менен Назарбаевдин сүйлөшүүлөрү. Астана, 7-ноябрь, 2014-жыл.
Атамбаев менен Назарбаевдин сүйлөшүүлөрү. Астана, 7-ноябрь, 2014-жыл.

Мындай пикирин казакстандык Tengrinews.kz агенттигине Казакстандын туңгуч президентинин коруна караштуу Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун тышкы саясат долбоорлору боюнча координатору Аскар Нурша билдирди.

Ал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 18-октябрдагы сөздөрүн “кечирим суроо” катары кабыл алууга болобу деген суроого жооп берип, “менимче, Атамбаев туура багыттагы кадам жасады, бирок бул жарым эле кадам, жарым-жартылай кечирим сурап жатып да ал жоопкерчиликти Казакстанга, президенттин айлана-чөйрөсүнө жүктөөгө аракеттенип жатат”,- деп белгилеген.

Казак саясат тануучусунун көз карашында, Атамбаев кырдаалды жеңилдетүүгө аракеттенди, бирок бул аракети азырынча ишендирерлик эместей көрүнүп турат.

“Балким ал Кыргызстандын өзүндө коомдук пикирдин басымын сезип жатат, себеби кыргыз экономикасы белгилүү бир кыйынчылыктарга кабыла баштады”,- дейт Ак ордого байланышы бар институттун эксперти Аскар Нурша.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте студенттер менен жолугуп жатып, “Казакстандын президенти тууралуу эмоционалдуу айтып жатып, балким мен туура эмес кылгандырмын. Ушул күндөрү мен бул жөнүндө ойлондум”,- деген.

Кыргыз-казак чек арасында жүздөгөн жарандардын жана жүк тарткан унаалардын топтолуп, өтө албай туруусу 10-октябрдын кечинен бери байкалууда.

Казак расмий өкүлдөрү соңку күндөрү кыргызстандык жүк ташуучулар эрежени көп бузары, товарлар менен продукциянын сапатсыздыгы жана Евразия экономикалык союзунун эрежелерине жооп бербей тургандыгы тууралуу да айтып жатышат.

Бул көрүнүш президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине багытталган cөзүн расмий Астана саясий максатты көздөгөн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.

Чек арадагы азыркы кырдаалдан улам кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык комиссиясына, Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына Казакстандын үстүнөн даттануу жолдоду. (UE)

XS
SM
MD
LG