Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.
"Башкара-Суу" суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу 19-октябрда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда, ошондой эле Сарбан, Орок айыл аймагында таза суу берүү эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” ишканасы жашоочуларды кошумча ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт. (ErN)