Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:58

Ирак армиясы күрттөр ээлеген аймактарды алууда


Шийит жана күрт топтору Киркуктун түшүгүндө кагылышкан учур. 17-октябрь, 2017-жыл.
Шийит жана күрт топтору Киркуктун түшүгүндө кагылышкан учур. 17-октябрь, 2017-жыл.

Ирак армиясынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар Найнава жана Диала провинцияларында буга чейин күрт күчтөрү ээлеп турган аймактарга көзөмөл орнотушту. Күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү ал аймактардан өкмөттүк аскерлер келгенге чейин эле чыгып кетишкен.

Мунун алдында апта башында Ирак аскерлери жана аларга өнөктөш кошуундар Киркук шаарына, анын тегерегиндеги мунай кендерге, Киркук провинциясындагы маанилүү мунай жабдууларына көзөмөл орноткон эле.

Күрт автономиясынын Пешмерге күчтөрү Киркук провинциясынын басымдуу бөлүгүн, Найнава жана Диала провинцияларындагы аймактарды 2014-жылы “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулу учурунда ээлешип, ошондон бери көзөмөлдөп турушкан.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади армиянын азыркы операциясын “өлкөнүн биримдигин коргоо” деп түшүндүрдү.

Расмий Багдад мындай кадамга автоном аймактагы референдумдан үч аптадан кийин барууда.

Күрт автономиясынын бийликтери көз карандысыздык колдоо тапты деген референдумду Багдад мыйзамсыз деп атаган.

Автономия президенти Масуд Барзани тынчтыкка чакырды, бирок күрттөрдүн көз карандысыздыгын карай багытты улантууну да убада кылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG