Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Таштаналиев: Cуу сактагычтагы сууну агызуудан эч ким жабыркабайт


Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев.
Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев.

Суу сактагычтагы сууну агызуудан эч ким жабыркабай турганы жөнүндө Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Киров суу сактагычы ар бир үч жылда капиталдык ремонттон өтөт. Казакстан жыл сайын 70 млн теңгенин тегерегиндеги ремонт иштерин аткарып келет.

- Киров суу сактагычында ремонт иштери жылда эле жүргүзүлөт. Ири оңдоп-түзөө иштери болсо, ар бир үч жылда жасалат. Ага жалпысынан 550 млн метр куб суу батат. Учурда анда 30 млн метр куб суу бар. Ошонун баары бир аптада агып бүтөт. Мындан эч ким жабыркабашы керек. Азыр сугат иштери бүткөндөн кийин биз ремонт иштерин пландаганбыз.

Таштаналиевдин белгилешинче, Кыргызстан Киров суу сактагычындагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат, калганын келишимдин негизинде Казакстан колдонот. Суу сактагычтан суу агызылары тууралуу маалымат анын төмөн жагындагы Талас облусунун Манас районуна жана Казакстандын Казакстандын тиешелүү мекемелерине расмий айтылган. Суу эртең, 19-октябрдан тарта коё берилет.

Мындан мурдарак Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Руслан Иманкулов Кыргызстан тараптан Киров суу сактагычынан бүгүнтөн тарта суу коё берилери тууралуу маалымат алышканын жана алар буга даяр экенин айткан.

Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG