Демонстранттар ондогон чатырларды тигүү менен украин парламенти имараты алдындагы башкы жолду да тороп салышты.
Бүгүн да ал жерге жыйналган жүздөгөн демонстранттар талаптары аткарылмайынча тарабай турганын айтышууда. Мунун алдында кечээ Жогорку Раданын жанындагы нааразылык митингине 4500дей демонстрант жыйналган эле.
Митингдин жүрүшүндө Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили украиналыктарды эгер президент Петро Порошенко талаптарды аткарабаса, ал кызматтан чегиниши үчүн кысым көргөзүүгө чакырды.
Нааразылыкка чыккандар Порошенконун өкмөтү жогорку деңгээлдеги коррупцияны токтото алган жок дешип, антикоррупциялык сот түзүүнү, депутаттык кол тийбестикти алып салууну, шайлоо мыйзамдарын кайра карап чыгууну талап кылып жатышат. (UE)