Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Садыр Жапаров Молдовановкадагы абакка которулду


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Мекенчил” партиясынын камактагы лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Молдовановкадагы №1 абакка которулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова бүгүн, 18-октябрда кабарлады.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду 11,6 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Кийин бул өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган. Жапаров буга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Жапаров өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Сот жараяны учурунда Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровго доосу жок экенин айтып, бир нече жолу көрсөтмө берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG