Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлагандай, “Ак-жол - автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде паспорттук көзөмөл учурунда Кыргызстандын 27 жаштагы жаранынын жүрүм-туруму чек арачылардын күмөн саноосуна себеп болгон. Кол баштыгын текшере келгенде андан алты пакетке оролгон, салмагы эки килограммга жакын маңзат табылган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
15-октябрда Казакстандын Чек ара кызматы Кыргызстандын Башкы штабынын У.А. аттуу подполковниги кыргыз-казак чек арасынан маңзат менен колго түшкөнүн кабарлаган. Анын баш коргоо чарасын Казакстандын Кордай райондук соту карап, тергөө иштери бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. (ErN)