Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Дөөлөталиева: “Дордой” базарында соода кескин азайды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Бишкектеги ири “Дордой” базарында соода кескин азайды. Бул тууралуу аталган базардын профсоюзунун башчысы Дамира Дөөлөталиева “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Соодагерлер суткалап товарларын ала албай отурушат. Октябрь-ноябрь айларында базарда сезон болот. Биз өкмөт башчыга, президентке кат жаздык. Абалды түшүндүрдүк. Шайлоо өтсө абал оңолобу десек, кайра тескери болуп жатат. Буга чейин күнүнө 10-15 автобус келсе, бир аптада үч автобус келди. Эл келбей жатат базарга.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, негизги макулдашуу бузулуп жатканын белгилеген.

Бүгүн, 18-октябрда премьер-министр Сапар Исаков чек арадагы кырдаалды талкулоо үчүн Астанага учуп кетти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG