Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

Мадрид Каталониянын автоном макамы токтотуларын эскертти


Барселонадагы нааразылык демонстрациясы. 17-октябрь, 2017-жыл.
Барселонадагы нааразылык демонстрациясы. 17-октябрь, 2017-жыл.

Испан премьер-министринин орун басары Сорая Саенз де Сантамариа мындай эскертүүнү Каталония бийликтери үчүн берилген мөөнөт аяктар алдында жасады.

Расмий Мадриддин пикиринде, автоном аймактын президенти Карлес Пучдемон 19-октябрь, эртең мененки саат онго чейин алар көз карандысыздык боюнча талаштуу референдумдан кийин Испаниядан бөлүнүүнү жарыялаган-жарыялабаганына тактык киргизүүсү керек.

Испания Конституциясынын 155-беренеси Мадридге эгер укуктук милдеттенмелерди аткарбаса, Каталонияда түз башкаруу киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Каталония президенти Карлес Пучдемон 10-октябрда көз карандысыздык декларациясы деп аталган документке кол койгон. Бирок ал аймактык парламентке декларацияны күчкө киргизүүнү Мадрид менен диалог баштоо үчүн токтото турууну сунуштады.

1-октябрдагы талаштуу референдумда Каталониянын шайлоого укуктуу калкынын 43% же 2,3 миллиону добуш берген эле. Аймактык бийликтер алардын 90% көз карандысыздыкты колдоду деп жарыялашкан.

Расмий Мадрид референдумду мыйзамсыз жана Конституцияга каршы деп атаган.

17-октябрда Барселонада жана Каталониянын башка шаарларында оң миңдеген адам көчөгө чыгып, жикчил кыймылдын эки лидеринин камалышына нааразылык билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG