Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:40

Өндүрүштөгү кырсыктан жылына орто эсеп менен 50 адам өлөт


Кырсыктаган көмүр кениндеги куткаруучулар. Баткен. 14-август, 2013-жыл
Кырсыктаган көмүр кениндеги куткаруучулар. Баткен. 14-август, 2013-жыл

Мындан тышкары өндүрүш кырсыгынан жыл сайын 120-130 киши оор, ал эми 600дөн ашуун адам жеңил жараат алат. Бул тууралуу Тоо-кен кесиптик кошуунунун төрагасы Элдар Тажибаев 18-октябрда өткөн тегерек үстөлдө билдирди.

- Анын айтуусунда бул расмий катталгандар гана. Көпчүлүк ишканаларда профсоюз жок, жумушчулар укугун билишпейт, иш берүүчү менен келишим түзүлбөйт. Ошондуктан, өндүрүш кырсыктары жана адам өлүмү чыныгы иш жүзүндө бир нече эсеге көп, - деди Тажибаев.

Кыргызстандагы кооптуу өнөр жай тармагы болуп тоо-кен, курулуш, транспорт жана энергетика тармагы эсептелет. Жумушчулардын коопсуздугу сакталбайт, иш орундарында коопсуздукту сактоого акча жетиштүү бөлүнбөйт.

Ишти билбеген, даярдыксыз адамдар ишке тартылары, жумушчулардын өздөрү да коопсуздукту сактоого кызыкдар эместиги өндүрүштөгү кырсыктардын бир себеби катары айтылып келет.

Бир эле Баткен облусунда жыл башынан бери көмүр кендериндеги коопсуздук эрежелери так сакталбагандыктан тогуз шахтер каза тапкан.
Ал эми курулуш тармагында жыл сайын төрт-бештен жумушчулар бийик кабаттан кулап кетип, набыт болушары айтылып жүрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG